сайкал садыбакасова биография год рождения
Сайкал садыбакасова биография год рождения
№779 6-12-октябрь, 2017-ж.
Гүлшайыр Садыбакасова – бул ысымды укканда көпчүлүгүбүздүн көз алдыбызга тартипти бекем кармаган темир аялдын образы тартылат. Гүлшайыр эже чыгармачылык чыйыр жолун барабан уруудан баштаган. Андан бери канча суулар акты, бирок Гүлшайыр Садыбакасова турмуштун түрдүү сыноолоруна моюн сунбай келет.
– Саламатсызбы, Гүлшайыр эже, «Кыз-Буракты» кызыңыз Сайкалга өткөрүп бергенден кийин өзүңүз филармониянын иштери менен эле алек болуп калдыңыз окшойт?
– Өзүм 17 жылдан бери Ош облустук филармонияны жетектеп келем. Ошто абройлуу концерттик мекеме болгондугуна байланыштуу түштүктөгү саясий, экономикалык, социалдык маанидеги иш-чараларды биздин филармониянын концерттик программасы, аппаратурасы, техникалары менен тейлеп келебиз. Негизги милдетибиз калкты маданий жактан тейлөө, музыка дөөлөттөрүн элге жайылтуу. Ал эми жеке чыгармачылыкта анча-мынча бошогондо ыр, обон жазууну улантып келем. Мындан сырткары эки көркөм тасмага тартылдым.
– Уулуңуз Эркин да ырдап чыкты эле, ал чыгармачылыгын улантабы?
– Эркин быйыл 10-класста окуп жатат. Өзүнчө ырдап, талантын таптап жүргөн экен, Сайкалдын концертинде ырдап чыкты. Анын шоу-бизнесте болушун каалабайм. Келечекте мыкты программист болгусу келет. Азыр жалпы республикалык тестирлөөгө катуу даярданып жатат. Англис, түрк, орус тилдеринде эркин сүйлөйт. Мектепте ырдап жүрөт, бирок мен чоң сахнага чыгууга уруксат бербедим. Азырынча билим алуу менен алек.
– Кыргызстанда ажырашуулардын саны көбөйүп жатканы байкалат, көптү көргөн адам катары жаштарга кандай кеңешиңизди берет элеңиз?
– Ооба, ажырашуулар көп болуп жатат. Кээ бир үй-бүлөлөр өз ара келише албай, бири-бирине тирешип өзүмчүлдүктүн торунан чыга албай жатса, кээ бирлер кайнене менен келиндин келишпестигинен, кээде күйөөлөрү милдетин аткаргысы келбей, бала-чакасын багуудан, жоопкерчиликтен качып жатышат. Эң башкы себеби жаштар улуунун айтканын укпай, өзүм билем болуп калганында. Жан дүйнөсү жарды, адеп-ахлактан алыстап бараткан адамдарды «адам болгула» деп ыйманга, боорукерликке чакырып кетет элем. Улуу адам катары айтарым, бардык кыйынчылыктарга карабай үй-бүлөнү сактап калууга аракеттениш керек. Ал үчүн ар дайым эки тараптуу түшүнүшүү, бирин-бири урматтоо, жок дегенде балдарга болгон мээримди жоготпоо зарыл.
– Социалдык тармактарда Сайкалды каралоо күч алды. Сиздин дарегиңизге да сындар жаап жатат. Интернеттин, андагы соцтармактардын жашообузга минтип тереңдеп кирип кеткенинин терс жагы көп экени көрүнүп жатабы?
– Социалдык тармактарда жазып жаткан кээ бир адамдардын жырткычка, айбанга айланып кеткенин көрдүм. Кызым Сайкал экөөбүз үчүн кызыл чеке болуп согушкан патриотторду көрдүм. Жалган, ыплас сөздөрдү жазып, ызырынган, сөгүнгөн бейбаштарды көрдүм. Жашоосундагы өксүк, тайкы тагдырларына, күйөөсүнөн ажырап нааразы болгондордун биз аркылуу өч алуусун көрдүм. Май-талкан чайнап бекер отуруп алып ушакты удургутуп, өчүп бараткан отко кайра май тамызып маашырланган кемпайларды көрдүм. 4 баласы менен күйөөсүнүн колдоосу жок калган Мээринин аянычтуу тагдырын көрдүм. Эдилге окшоп жоопкерчиликти сезбеген, адамдык, аталык милдеттерин жеткиликтүү түшүнбөй жаткан, жеңил жашоого качкан бүгүнкү шордуу эркектерди көрдүм. 320 кыздын карегине чаң жугузбай татыктуу тарбиялаган, элге ак кызматы менен таанылган, 40 жылдык тарыхы бар «Кыз-Бурак» тобунун жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, обончу-композитор, профессор Гүлшайыр Садыбакасованы тебелеп-тепсеген, жүрөгүнө бычак сайган, көңүлүн жаралаган эки буттуу айбандарды, Аракан, Мьянманын жырткычтарын көрдүм. Жашоодо оош-кыйышты, жарык-караңгыны көп көргөн адам катары бул оор күндөргө чыдадым. Элден айланайын, туура, калыс сөзүн айтып, нарктуулугун, адамдык сапатын жоготпогон жакшыларды көрдүм.
Эгерде ушул болгон окуяларда кызымдын күнөөсү болсо эң биринчи Кудайдан, андан соң кыргыз элимден кечирим сурайм! Ал эми кызымды каралаган тараптардын дооматтары туура эмес болсо аларды да Кудай кечирсин!
– Мээринин жакын курбусу ырчы Бегимай Бекбоева менен Сайкалдын ортосунда пикир келишпестик чыгыптыр.
– Буга чейин кызымдын Бегимай менен жеңил-желпи таарынычтары болсо керек, бирок ортолорунда чоң нааразычылык жок экен. Мен Мээринин маегин «Супер-Инфого» чыккандан 4 күндөн кийин билдим. Иштин чоо-жайын териштиргенче социалдык тармактар өзүнүн желесине тартып кетти. Бегимай мага чалып, экөөбүз бир саат сүйлөштүк. Ал сүйлөшүүлөрдөн соң Бегимай да, Сайкал да баракчаларындагы билдирүүлөрдү өчүрүштү. Бегимай айтты делген «оштуктарды оромпой тээп ойноймун, силер экинчи сортсуңар» деген билдирүү мага WhatsApp`ка келген болчу. Бирок бул жалган сөздү Бегимай Бекбоева айтпагандыгы ачыкталды.
– Социалдык тармактарда эки жаат болуп бөлүнүп урушуп жаткан эки тарапты элдештирүүгө аракет кылып көрдүңүзбү?
– Бул кырдаалды өз кызыкчылыгына пайдаланып Сайкал менен Мээринин душмандары түрдүү баракчаларды ачып ыплас сөздөрдү жазып жатышат. Ошондой аккаунттарды жабууга аракет кылып жатабыз. Андан кийин кырдаалды жөнгө салып, жаштарды элдештирүү аракетин баштайбыз. Дүйнөлүк тарыхта ар кандай согуштар, түрдүү келишпестиктер эки тараптын сүйлөшүүсү аркылуу чечилген. Кудай буюрса, бул ызы-чууну да сүйлөшүүлөр аркылуу чечебиз.
– Маегиңизге рахмат, үйүңүздө да, көңүлүңүздө да тынчтык болушун тилейбиз.